Башкы прокуратура Жээнбековдун Конгантиев боюнча тапшырмасын аткарып бүтө элек
Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышын иликтеп бүтө элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди.
Анын белгилешинче, иликтөө ишинин азырынча жыйынтыгы чыга элек, иликтөө дагы созулушу мүмкүн.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусунун эли менен жолугушууда Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан.
13-июлда Башкы прокуратура аталган кылмыш ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен өзүнө өткөрүп алып, иликтөөнү баштаганы маалымдалган.
УКМК тарабынан Конгантиевге козголгон кылмыш иши 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп кыскартылган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

