Кара-Көлдө сууга түшүп кеткен 3 жашар баланы издөө иштери улантылууда
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 3 жашар бала сууга түшүп кетип, аны издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү Көк-Бел айылындагы Кара-Суу суусуна 3 жашар бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат түшөрү менен издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 6-сентябрда издөө иштерине ӨКМнын Кара-Көл шаардык №94-өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 11 куткаруучу жана ИИМдин кызматкерлери тартылган. Дагы кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Кудай сактаа, ким болду экен?