super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ажырашкан күйөөмдүн ата-энеси балдарымдын күбөлүгүн бербей, алимент чыгарта албай жатам" дейт 4 баланын энеси

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө 4 баланын энеси кайрылып, турмуш-тиричиликтен кыйналып жатканын айтты. Анын билдирүүсүнө ылайык, учурда 2 баласы кийим-кеченин жана документтеринин жок экенинен улам мектепке бара албай жатат.

"Мен Ош облусунан Бишкектин "Дордой" базары жакка келип жашап калдым. Батирге акча төлөйм. Өзүм талаа жумуштарына чыгып, күнүмдүк тамак-ашка жетер-жетпес акча таап келем. Кичүү балам 2 жашка чыга элек. Аны улуу балдарыма таштайм.

Эки жолу турмушка чыгып, эки турмушумдан тең ажырашкам. Биринчи жолдошум менен 2 балалуу, экинчи турмушумдан 2 балалуу болгом. Азыр 2 күйөөм тең балдарды багууга жардам бербейт, чалып жардам сураган күндөрүм да болду. Бирок эч кандай жакшы жооп уга алган жокмун.

2 күйөөм менен тең жарандык абалдын актысынан каттоодон өткөн эмеспиз. Ажырашкандан кийин алимент төлөтөйүн десем, балдарымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү да жок. Улуу балдарымдын күбөлүгүн чоң энеси бербей жүрүп, акыры мектепке керек болордо бере турган болду. 2 кичүү баламдын күбөлүгүн чоң энеси атайылап эле бербей жатат. Сурай берип акыры өзүм да чарчадым. Канткенде балдарыма алимент чыгарта алам?" - дейт жалгыз бой эне.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
06.09.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгерде юридикалык жардамга муктаж адамдар болсо кайрылыныздар!
Ватсап0777535340-Султан Токтосунович
08.09.2018. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Artyr1994,нанга акчасы араң жетип атса,сизге төлөй албаса керек
06.09.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келиндин абалын тушунуп адвокат, юристтер жардам берип койгула, эки куйоосу тен оз балдарына жардам берсин, кыйын эле жалгыз бой 4 баланы ушул заманда багыш
06.09.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адвокаттар озунор эле чалып жардам берип койгула соопчулукка
06.09.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу админ жгер ушул каармандын номери болсо личкама жоонотуп коё аласынызбы? Колдон келген юридикалык жардамыбызды берип коёлук
06.09.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
0700269131

06.09.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындап эле кыйын абалда жүрөт экен. Бирок неге эки бала бар туруп экинчи жолу турмушка чыгат эч түшүнбөйм. Биринчи турмуш сабак болгон жокпу? Болгондо да ЗАГС албай жашап жүргөнү таң калтырат.
Аял заты өзүбүзгө тың бололу. Балдардын көзүн жалдыратып экинчи жолу турмуш куруунун кереги жок.
06.09.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куболукту бербей койууга эч акысы жок. Адвокат жалдап торт баланызга тен алимент чыгартсаныз болот
07.09.2018. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиментен качкан акмак аталарга жаза колдонулса жакшы болмок эле, кантип балдарын ач калтырып жер бетинде басып журушот ее намысы жоктор
07.09.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки кайненеси тең бирдей жол колдонуптурбу ээ, алимент төлөөдөн качып күбөлүгүн бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: