super.kg logo

Бишкекте спортчу бычакталып каза болгон окуя. Артында 1 айлык уулу калган маркумдун келечекке койгон максаттары тууралуу айылдашы айтып берди

 

Бишкектеги Кулиев көчөсүндө бычакталган 28 жаштагы Бекзат Жаныбековдун өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Маркум спорт менен көп жылдар бою машыгып, 2017-жылы самбо боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону болгонун анын туугандары тастыкташты.

"Мен каза болгон жана аны өлтүрдү деп шектелген жаранды жакшы тааныйм" деген маркумдун айылдашы SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалыматтарды айтып берди.

"Каза болгон жаран Сузак районунун Благовещенка айылынан, ал эми кылмышка шектелип жаткан 33 жаштагы Б.А. аттуу жаран Жаңы-Ачы деген айылдан болот. 2015-жылы шектүү жаран менен анын досунун ортосунда пикир келишпестиктер чыгат. Ошондо шектүүнүн бир тууган агасынын баласы агасына болушам деп досун темир менен чаап жиберген. Б.А.нын досу алган жаракатынан улам каза болгон. Бул окуядан кийин Б.А. досунун өлүмүнө шектелип кармалган. Кийинчерээк каза болгон жаранды башка чапкан тууганы күнөөнү моюнга алып, 2016-жылы шектелген жаран абактан бошотулган".

"Маркум Бекзат менен 3-класска чейин чогуу бир мектепте окуганбыз. Өтө өжөр бала болчу. Жакында эле биз аны Москва шаарынан узатканда бизге карап "өмүрүм спорт менен өтүп кетти, эми өзүмдүн кесибим боюнча жумушка кирем" деп жаткан", - деди айылдашы.

Эске салсак, 3-сентябрь күнү Бекзат.Ж. аттуу жаран айылдашы тарабынан бычакталып каза болгон. Анын артында 1 жарым айлык баласы калды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
06.09.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Досун чаап жибербей эле өлгүчө жанчып урган экен дешет.эми айылдашын өлтүрсө мыкаачы адам экен жеткен.мындай адамды чыгарбаш керек абактан омур бою
07.09.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Спортчулар озулору да ото Аша чаап кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: