super.kg logo
  Саясат  

Депутат Карамат Орозова: "Көчмөндөр оюндарына бюджеттен акча кетет" деп отура берсек, ишибиз алдыга жылбайт"

 

2014-2016-жылдары Кыргыз жергесинде эки ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алган. Быйыл үчүнчүсү өтүүдө. Аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 307,2 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду. SUPER.KG порталынын "Кыргыз жергесинде 3 ирет өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндары өлкөгө кандай пайда алып келди?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жооп берди.

Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленгенин белгиледи.

“Көчмөндөр оюндарынын пайдасы көп. Негизгиси, Кыргыз мамлекети дүйнөдө таанымал болот. Бул иш-чара аркылуу Кыргыз элинин маданияты, каада-салты таанылып жатат. Биздин үрп-адатыбызга, улуттук кийимдерибизге башка мамлекеттин өкүлдөрү кызыгуу менен көз артышууда. Көчмөндөр оюндары аркылуу туризм өнүгүп жатат. Ошону менен катар эле тышкы мамлекеттер менен болгон мамиле күчөтүлөт.

Ошол эле учурда бюджеттен акча кетет. Курулуш иштери токтоп калды. Бирок бюджеттен акча кетет деп отурсак иш жылбайт. Көчмөндөр оюндарына акча кетсе дагы инвестициялар тартылып, экономикабызга пайда келтирет. Чыгаша болбосо киреше болбойт”, - деди Орозова.

Саясий серепчи Игорь Шестаков, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: