super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футбол күйөрмандарынын бүгүнкү беттеш учурундагы күнгөйү менен тескейи (сүрөт)

 

Бүгүн, 6-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргыз курама командасы Палестина курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Бул оюнда көңүл сүйүнтөрлүк да, маанайды түшүргөн да көрүнүштөр орун алды. Оюндун биринчи мүнөтүндө Кыргыз курамасынын капитаны Мирлан Мурзаев эсеп санын ачып, өзүнүн чыныгы лидер экенин далилдей алды.

Ал эми салтка айланып калган кечигүүлөрдүн айынан айрым күйөрмандар Мурзаевдин жараткан ийгилигине ортоктош боло алышкан жок. Мындан сырткары кечиккен күйөрмандар өз убагында келип орун алгандарга тоскоолдук жаратып жатты.

Эл аралык беттеш болгону менен адаттагыдай эле орундуктар тазаланбаганы байкалып турду. Бул жерден көрүүчүлөр жол таап командалардын курамы жазылган баракчаларды орундуктарга салып отуруп алышты. Аны менен гана тим болбостон буттарын орундуктардын үстүнө чыгарып алышты.

Оюндун жүрүшүндө кыргыз күйөрмандары колдоо иретинде өлкө гимнин аткарып өтүштү. Ошондой эле команданын ар бир ийгиликтүү чабуулуна дем-күч берип алдыга сүрөп турушту. Кыргыз күйөрмандарынан кем калышпаган саналуу палестиналык күйөрмандар да кыйкырык салып, күчүнүн жетишинче командасын колдоп жатты. Ошентип палестиналыктар эсеп санын теңдей алышты.

Кооптуу абалдар көп жаралып, бирок эсеп санына өзгөрүү кирбеген оюн да соңуна чыкты. Айрым күйөрмандар оюн бүтө электе эле туруп стадиондон чыгып кетишти.

Оюн соңунда көрөрмандардын көпчүлүгү өзүнүн таштандыларын таштап коюп гана баса беришти. Бирок футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы япониялык күйөрмандардан сабак алышканбы же башка мекендештердин кылыгынан уялыштыбы, көпчүлүктүн таштандысын чогултуп, орундуктарды тазалап жүргөн азаматтар да болбой койгон жок.






Япониялык күйөрмандардан кем калбаган кыргыздар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.09.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр маданият жок деп чыгасынар бирок стадиондогу олтургучтардын кирин корсонор журогунор тушот.футболго келгиле деп реклама кылып элди чакырып билет саткандан кийин ошол олтургучтарды кичине болсо да суртуп тазалап койсо болот эле го тийиштуу мекеме.
07.09.2018. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TalaCSKA,
Маданияттуулук уйдон башталат! Стадиондон эмес . Маданияттуу адам кайсы жерде болбосун жеген ичкенин жыйнап, озу менен алып чыгып кетет. Антип тайрандап отургучка бутун асып отурганы озун акылсыз экенин башкаларга коргозуу, бирок Аны озу байкабайт...
07.09.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи эле биздин калкыбыз ( ачуу чындык) кантип концерт коруу, залда отуруу маданиятын билбейт. Ыз тыз, суйлоп жаткан, телефонун чукуп, званок кылып жаткан, кыйкырып жаткан, айтор айта берсен соз коп. Башкаларга жолтоо болбой келдинби, телди салчу жерине салып, тыынч отуруп коруп чыгып кет...
Sagyn.91 түзөттү 2018-09-07 00:22:18
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: