Көк бөрү: Бүгүн Кыргыз курама командасы менен Өзбек курама командасы баш байге үчүн күч сынашат
Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери орун алат.
Анда "А" тайпасынан чыккан Кыргыз оюнчулары менен "D" тайпасынан чыккан Өзбек курама командасы кез келип, баш байге үчүн күч сынашат. Ал эми Москва облусунан келген курама команда Казак курама командасы менен коло медаль үчүн беттеш өткөрөт.
Айта кетсек, кечээ, 6-сентябрда Казак курама командасы өзбекстандык көк бөрүчүлөргө күтүлбөгөн жерден 5:4 эсебинде жеңилип калды. Ал эми Кыргыз оюнчулары Москва облусунан келген команданы 23:6 эсебинде утуп алган.
Көк бөрү боюнча мелдештер саат 16:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
ekaterinburg

07.09.2018. 10:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жениш жана Жениш каалайм!
nukura_jigit

07.09.2018. 10:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саат канчада болот ???
Syimyk.isaev

07.09.2018. 12:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
30:5 ке жеңгиле. Дуйнодо ким кучтуу экенин корушсун башка элдер.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-07 12:52:16
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.