super.kg logo

Бишкекте "адам өлтүргөн" деп шектелип аял кармалды

 
Бишкек шаарында адам өлтүрүү кылмышына шектүү аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1-июлда Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи райондо адам өлтүрүү болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ал жерге келген милиция кызматкерлери батирдин бөлмөсүнөн канга чыланган, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 40-45 жаштагы жарандын денесин табышкан. Ошол эле батирдин ашканасында кандарды жууп жаткан 1972-жылы туулган Н.Г. шектүү катары кармалып, экспертизадан өткөргөндө ал аял мас экендиги аныкталган. Бул факт боюнча Октябрь РИИБи кылмыш ишин козгогон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, маркум менен кылмышка шектүү чогуу жашап жүрүшкөн. Спирт ичимдиктерин ичүү учурунда ортодо чыр чыгып, натыйжада кылмышка шектүү аял бөтөлкөнүн сыныгы менен 1970-жылы туулган Ч.Фны моюнга чапкан. Алган жаракаттарынан улам Ч.Ф. ошол жерден жан берген. Учурда тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: