super.kg logo

Ош ШИИБи: "Ошто 7 айлык баласы менен көп кабаттуу үйдөн секирген келин жолдошуна таарынып, төркүнүндө жүргөн"

 

Ош шаарына конокко келген келин колундагы 7 айлык баласы менен жатакананын төртүнчү кабатынан боюн таштаган окуянын чоо-жайын Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 6-сентябрь күнү саат 17.00гө жакын Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында орун алган. Анда коридордун ачык турган терезесинен Чүй облусунун 1978-жылы туулган тургуну ушул жылдын февраль айында туулган уулу менен кошо боюн таштап жиберген.

"Эне-бала денесинен жаракат алышкан. Наристе балдар ооруканасына жеткирилсе, келин облустук бейтапканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтуусуна караганда, учурда экѳѳнүн тең ден соолуктары канааттандырарлык. Бул окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, жагдай боюнча ар тараптуу текшерүү иш-чаралары жүрүүдө. Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгында, жабырлануучу ѳмүрлүк жолдошу менен Чүй облусунда жашап жатып, аны менен таарынышып, эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласын колуна алып, август айынын ортосунан тартып Ошто жашаган бир тууган эжесинин үйүндѳ жашап жаткан. Айрым күбѳлѳр акыркы мезгилдерде күйѳѳсү менен пикир келишпестиктен улам, спирт ичимдиктерин кѳп ичип жүргѳндүгүн айтышты. Окуя болгон күнү да алкоголь ичимдигин ичкендиги айтылууда. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан окуя "ѳзүн-ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо" беренеси менен катталып, иликтѳѳ иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы Замир Сыдыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
07.09.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балада эмне күнөө?
07.09.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мээси болсо ушул ишти кылабы?
40ка чыгып небере жыттап отурчу маалга келгенде,эрине өчөшүп ,картайганда тапкан баласын кошо өлтүргөнгө барган акмак го.
07.09.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сенин,баланын жаны ооруганын ошол эриң сезди бекен?
Балаң да эмне айып!
07.09.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул жакта адамдар ден соолук таппай журсо, бул болсо ден соолугун жоготкону аз келгенсип баласын дагы кыйнап, эми ал канча дарыичип канча укол алат баласы байкуш. 40 ка чыгып калганда эл журтка шерменде болбой эле, спирт ичпей эле журбойбу.
07.09.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тыкыр изилдениш керек мындай журок ооруткан окуялар. Аялды куноолоодон мурун анын ушул ахыбалга жеткирген куйоо соройун биринчи кезекте жоопко тартуу керек. Тороп уйдо отурган аялын жан кейиткен мамилеси менен жеткирген да. Мумкун болсо ачык эле жазгыла, орган кызматкерлери жаап жашырып коет мындайда. Ал кандай сорой экенин эл билсин.
07.09.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдар ичпегилечи. Ичсенер эле жашоонор онолуп кетпейт тескерисинче картайып, жудоп, бомж болуп кетесинер. Ичкен аял мн Ким жашамак
07.09.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун оло бербейт Белен олгун келсе. Башына гематома бсо кыйнайсын баланы и плюс озунда кыйналасын
Munar92 түзөттү 2018-09-07 17:37:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: