III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине "Корни", "Akcent" топтору жана бир катар белгилүү ырчылар катышат






8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан борбордук ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өтөт. Аталган иш-чараны чет элден келген белгилүү ырчылар, музыкалык топтор коштойт. Бул тууралуу оюндардын катчылыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабылуу аземине чет элдик ырчылар Рэй Хортон, Жо Томпсон , Наташа Райт, түркиялык ырчы Озода Нурсаидова, казакстандык Жанар Дугалова жана орусиялык рок-топ "Корни", румыниялык поп-топ "Akcent", германиялык "Чингиз Хан" тобу катышат. Ошондой эле салтанаттуу иш-чарада жергиликтүү эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова жана башкалар өз таланттарын тартуулашат.
Айта кетсек, быйыл көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, ага 82 өлкөдөн келген 2 миң 500гө жакын спортчу катышууда. Азыркы тапта жалпы медалдык эсепте 78 медалы менен Кыргыз өлкөсү алдыда келе жатат.

Сокенерди ажы дейсинер, ажылык анын маскасы. Чын ажы болсо мындай ысырапкерчиликке бармак эмес, тем более акча озунун чонтогунон эмес, элдин чонтогунон чыккан акча экенин биле туруп... Кочмондор оюнун откоруудогу коррупцияны коро туруп кормоксон болмок эмес. Соке, атына ажы болбосо, Атамбаевдин МУРАСКОРУ!!!