Кадамжайда ажылык сапардан келгендерди өзгөчө тосуп алышат (сүрөт)






Мусулмандык парзын аткаруу үчүн ажылык сапарга кеткен мекендештер өлкөгө келе баштады. Алардын катарында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун тургундары да бар. Аталган аймакта Меккеге барып, зыярат кылып келген ажыларды тосуп алуу үчүн өзгөчө ырым колдонулат. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну SUPER.KG порталына айтып берди.
"Бизде ажылык сапардан келген адамдарды тосуп алуу үчүн сөзсүз түрдө көчөгө килем салынат. Аны айылда жашаган кошуна-колоң, тууган-уруктар "ажылар баскан жолду биз да басалы" деп көтөрүп келишет. Ажылар басып өткөн соң кайра чогултуп алышат. Бул салт эмес, болгону буга чейин Ыйык Меккеге аз гана адамдар бара алышчу. Андыктан каалагандар өз эрки менен жаңы килемдерин көтөрүп келип, алардын алдына салып, тосуп алышчу. Азыр ажылыкка баргандар көбөйгөнү менен, жерге килем төшөө токтоп калган жок. Болгону мурункуга салыштырмалуу бир аз азайды", - дейт ал.
Ошондой эле кечээ, 6-сентябрда айылдаштары ажыдан келгенин айтып, аны тосуп алуу учурундагы сүрөттөрдү жиберген.



Элибизде Самара менен Анжеликанын эркектери да бар, таппай турушат ушуга окшогон нерселерди...
Ысырапкорчулуктан кичине арылып жерге тушкулочу. Ошол ажыга баргандар кичине пейлин ондоп келсин, ажылык маска болбостон...
Анан ажы десе эле баарынын пейли онолуп келбейт, ал адамдын озунон. Ким бироо чын дилден ыкылас кылып барат. Ким бироо эл козуно деп барат, акчасы ашып ташып... Турмушта коруп жургон чындыктарды кантип жокко чыгармак элен?!!
Кудайды оозанып артынан ысырапкерчилик, калп айтуу, эки жуздуулук ж.б. сапаттарды кесип кылгандар...
Ошонун баары акчаго. Кеминде 200 300мин кетет. Ошону ошо айылда операцияга акчасы жетпей жургон байкуштарга,тируу жетим калган балдарга окуу кийим,инвалид болсо коляска жаны алып беришсе мумкун ажыдан да чон сооп алар беле. Просто берилип аласынар да.))