super.kg logo

"Бакиевдер Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деген билдирүү боюнча Башкы прокуратура териштирүүнү баштады

 

Евгений Гуревич.Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча Башкы прокуратура териштирүүнү баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Гуревичтин кайрылуусунда айтылган маалыматтар боюнча башкы көзөмөл органдын тийиштүү бөлүмдөрү териштирүү, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Аталган жараян качан аягына чыгары белгисиз.

Буга чейин учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына келип, өзү менен жолукканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.09.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмне учун Атамбаевдин прокурорлору Гуревич менен селфи кылып кайра келе берген? Же акча бөлүшкөнбү? Муну да текшериш керек! Кайсы прокурорлор барганын, алардын ысымдарын айтуу зарыл
07.09.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ал акчаны ондурсо кытайга болгон карыздан кутулуп калабызгоо чиркин
07.09.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бакиев качып чыккан мезгилде алып чыгып кетиптир.калганычы?Ашалар чыгарып жиберип жешти го чиркин.ЖЭБ жол музей ГЭС ж.башкалар
07.09.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бакиевдин качканына 8 жылдан ашып атат, ээми эсинерге келип атасынарбы кургурлар?
08.09.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан кобун деле чыгарып кетсе кк. Максаты эптеп олкосун тоноо болуп. Баласы канча деген баш которгон бизнестерди басып алып жатса. Ээх хотябы жарымын толосо кана толото албайбыз гоо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: