Ошто 7 айлык ымыркайы менен көп кабаттуу жатаканадан боюн таштаган келиндин баласынын абалы оор
Ошто көп кабаттуу жатаканадан 7 айлык ымыркайы менен кошо боюн таштаган келиндин абалы орто, баласынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Боюн таштаган келиндин абалы орто, анын жамбаш сөөгү сынып, баш мээси чайкалган. Ал эми ымыркайдын да баш мээси чайкалып, жаракат алган. Аял боюн таштаган учурда мас болгону аныкталды. Колундагы ымыркайдан сырткары анын башка дагы 2 баласы бар", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, окуя кечээ, 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканада орун алган. Белгилүү болгондой, ал жолдошуна таарынып төркүнүндө жүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Сулуу, сүйкүмдүү аял тарбиялап алуу өзүбүздүн колубузда.