Эр эңишке катышкан казак балбандары калыстарга нааразычылыктарын билдирди
Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн эр эңиш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда балбандар 5 салмактык ченде күч сынашып, бардык салмак чендеринде кыргыз балбандары жеңишке жетишкен.
Бирок Казакстандан келген спортчулар өз нааразычылыктарын айтып, калыстардын чыгарган чечимдерине каршы экенин айтышууда. Алардын айтымында, калыстар казак балбандарына тийиштүү упайларды бербей, ал гана эмес бир кармашта аттан жерге кулап түшкөн балбанга оюнду улантууга мүмкүнчүлүк гана бербестен жеңишти да ыйгарып коюшкан.
Казак балбандары эр эңиштин жыйынтыгына нааразы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Казактарга очошпостон, калыс болсо болбойбу, судья болгон сон?!! Уюштуруучуларга кеп жок, нормальный калыс тандай алышпаса...