super.kg logo
  Саясат  

"Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков: "Мечиттер көп деп айткандан көрө аларды каттоого алып, жакшы иш алып барыш керек"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышында: "Кыргыз өлкөсүндө мектептен мечит көп. Бул жакшы көрүнүш. Кээ бири мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтат. Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт" деп айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да Курбан айт майрамы күнү "муфтият өкүлдөрүнүн насааттарын уксак, өлкө тез өнүгөт" деп элди куттуктаган. Өлкө башындагы эки таасирдүү адамдын мындай диний чакырыктарын светтик өлкөнүн коомчулугу кызуу талкуулап, айрымдары сындаса, кээ бир жарандар колдоого алган. Бул талкуу бүгүн да уланууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Светтик өлкөнүн бийлик башчыларынын "мечиттер көп болгону жакшы" деп чакырык таштаганы туурабы?" деген соболуна "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жооп берди.

Анын айтымында, президенттин мечиттин ачылышындагы сөзү чакырык эмес, жөн гана пикир болгон.

“Менин оюмча, президенттин мечит ачылышында сүйлөгөн сөзү чакырык эмес, пикир болду. Пикирди талдаш үчүн анын кандай ниетте айтылганын түшүнүү зарыл. Ошондой чоң мечитти салып берген өлкөнүн башчысы өзү келип ачып жатса, элибиз мечитти руханий өнүгүү борбору катары жогору баалап, ыраазы экенин туюндурушу керек эле. Мечиттер көп деп айта бергенден кандай пайда? Андан көрө канча мечит курулса да, аларды каттоого алып, жакшы иш алып барыш керек. Мектептен мечит көп деп сындагандар деле мечит кургандардай мектеп куруу үчүн каражат таап, инвестиция тартса сүйүнмөкпүз. Жакшылыкта жарышкан болот элек. Сындашсак бөлүнөбүз, сырдашсак, колдошсок, жакшылыкта жарышсак, кылдан кыйкым издебей, пикир-ойлорду жорусак өнүгөбүз”, - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев, саясат таануучу Даниел Кадырбеков жана укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





Кыргызстанда мектептен мечит көп, бул жакшы көрүнүш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: