super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев: “Мечит менен мектепти салыштырбоо керек”

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышында: "Кыргыз өлкөсүндө мектептен мечит көп. Бул жакшы көрүнүш. Кээ бири мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтат. Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт" деп айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да Курбан айт майрамы күнү "муфтият өкүлдөрүнүн насааттарын уксак, өлкө тез өнүгөт" деп элди куттуктаган. Өлкө башындагы эки таасирдүү адамдын мындай диний чакырыктарын светтик өлкөнүн коомчулугу кызуу талкуулап, айрымдары сындаса, кээ бир жарандар колдоого алган. Бул талкуу бүгүн да уланууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Светтик өлкөнүн бийлик башчыларынын "мечиттер көп болгону жакшы" деп чакырык таштаганы туурабы?" деген соболуна мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев жооп берди.

Ал бийлик башчыларынын сүйлөгөн сөзү туура экенин айтып, бирок аны жеке тараптар өз пайдасы үчүн бурмалап жатканына токтолду.

"Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жаңы мечиттин ачылышында сүйлөгөн сөзү чоң талкуу жаратууда. Менин оюмча, ал жерде туура эле сөз айтылды. Бирок диний көз караштагы адамдар тарабынан жана светтик көз караштагы адамдар тарабынан президенттин сөзүн кайсы бир нерсеге колдонуп, аны бурмалап жаткандары мени өкүндүрөт. Чынында мечит менен мектепти бири-бирине салыштырып баалабаш керек. Экөөнү сандар менен салыштырып кароонун өзү туура эмес.

Экөө эки башка кызматты аткарат. Мечитте адамдар сыйынат, ыйманын тазартат, Кудайга болгон ынтызарлыгын билдирет. Ал эми мектеп деген адамдарга жаратылыштын мыйзамынан тартып коомдун мыйзамдарына чейин үйрөтөт, билим берет. Эч качан экөөнү бири-бирине карама-каршы койбоо керек. Акыркы учурда диний көз караштагы адамдардын бул экөөнү бири-бирине каршы коюп жатышканы көп байкалууда. Бул алардын билимсиздигинин айынан болуп жатат. Эгер Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин санын көбөйтүп, алардын сапатын жакшыртуу жагын колго алса, анда жогорудагы карама-каршылыктар да келип чыкпайт эле”, - деди Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири бул шилтемеде.


кошулду





Кыргызстанда мектептен мечит көп, бул жакшы көрүнүш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: