Араванда пахта майын өндүргөн цех толугу менен күйүп кеткен
Ош облусунун Араван районуна караштуу А.Анаров айылында 2 тонна пахта майы күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 7-сентябрда Араван районуна караштуу А.Анаров айылынын Хайдаров көчөсүндө жайгашкан май чыгаруучу цехтен өрт чыккан. Цех жыгач устундуу, шифер менен жабылган. Өрттүн кесепетинен цехтин 300 чарчы метр аянты, тагыраагы, май чыгаруучу цех толугу менен күйгөн. Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.
Аталган цех 10 жылдан ашуун убакыттан бери пахта майын өндүрүп келген. Анда 4 жумушчу эмгектенген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.