"Датка-Кемин" электр өткөрүүчү чубалгысынын курулушу 2015-жылдын август айында бүтөт
"Кыргызстандын улуттук электр станциялары" ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов: "500 кВ кубаттуулуктагы "Датка-Кемин" электр өткөрүүчү чубалгысынын курулушу 2015-жылдын август айында бүтөт. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат, июль айынан баштап алгачкы иштер башталат",- деп билдирди 2-июлда. Айта кетсек, жогорку чыңалуудагы бул чубалгы Жалал-Абаддагы 500 кВт кубаттуулуктагы "Датка" көмөк чордону менен Чүй аймагындагы "Кемин" көмөк чордонун байланыштырат. Чубалгы Камбар-Ата-1, 2 ГЭСтери аркылуу өтүп, узундугу 410 чакырымды түзөт.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

