Москвада Кыргыз жараны унаасы менен мекендештерин сүзүп, кырсыктан бир адам каза болгону айтылууда




Бүгүн, 9-сентябрда Москва шаарынын Новочеркасский бульварында Кыргыз жараны унаасы менен мекендештерин сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, дагы бир адам каза болгон. Унаа адамдар өтүүчү өтмөктөн эки адамды сүзүп, андан ары жолдон чыгып өтмөктөн өтүүгө даярданып турган адамдарды барып сүзгөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү аталган бульвардагы эс алуучу жайлардын биринде Кыргыз жарандары чогулуп, таңды тосушкан.
Окуяга шектүү катары айдоочу кармалып, ал Кыргыз мамлекетинин Бекжан Сарбишев аттуу жараны экени аныкталган.
Бекжан Сарбишевдин айтымында, кечеде мекендештери менен отуруп ортодо түшүнбөстүктөр чыккан. Кайым айтышуу мушташууга чейин жеткен. Бекжан Сарбишев ачууланган бойдон унаасына отуруп, катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын кесепетинен жөө жүргүнчүлөрдү көрбөй калган. Сарбишев өзү да ал жерде өтмөктөр бар экенин, адамдарды кантип сүзүп алганын түшүнбөй калган.
Ал эми окуянын күбөлөрү жаракат алгандардын бардыгы Кыргыз жарандары экендигин айтышкан. Алар окуя Марьино районундагы Новочеркасск бульварында жайгашкан кыргыздардын "Соло" деген түнкү клубунун алдында болгонун айтат. Кырсыкка кабылгандар ооруканага жеткирилген.
SUPER.KG порталы Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетовага кайрылганда, ал мындай окуя бүгүн болгонун маалымат каражаттарынан билгенин айтты.
"Бул тууралуу биз бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттарынан уктук. Биздин юристке тапшырганбыз, учурда тактоо иштери жүрүүдө, маалымат толук такталган соң кабар беребиз", - деди Байымбетова.
Москвадагы Кыргыз жарандарын сүзүп кеткен окуя

Кандай мээси жок акмак, бүт кыргызды айбан кылып көрсөтүп жатат. Акылын кыска болсо алыс жакка барба да, өзүңдү башкара албасан бөтөн жерде эмне бар?
Кыз үчүн ушундай кадамга барышы акылы ордунда адамдын кыла турган ишиби?
Анан Москвадагы тунку клубдарды жаптырыш керек, айрыкча кыргыздардыкын... Откондо кыздарды чет олкого жонотпош керек десе жаман коруп жаттынар эле. Туура эле айткан...
Ошого кыздарды чет жерге жонотпош керек, келсе куйоого чыгып куйоосу менен келсин. Мектепти жаны буткон балдар эч болбосо армияга барып, турмушту бираз тушунгондо анан келсин, болбосо ушуга окшогон акмакчылыктар боло б
Акыркы учурда биздин акмак жарандар аралашкан мындай кылмыштар кобойду, пешеходдорду сузуу, полицияны олтуруу ж.б. Эми ошолордун айынан там салам, уй-було багам деп туз жургон миндеген Мекендештерибиз кордук корсо жакшыбы?!! Орустар ансыз да шылтоо издеп турганда...
Урматтуу ата-энелер, кор турмушка шылтап бешиктен бели чыга элек уул-кыздарынарды чет жакка жонотпогулочу, сураныч. Копчулугунун тарбиясы начар, туура тарбия берууго жараган эмессинер. Акча дей бербей кичине наспинерди тыйгылачы, ачкадан олуп жаткан жоксунар го...
өлгөн жердештерибиздин АЛЛАХЫМ сурагын жеңил кылсын ата эне бир туугандарына сабыр берсин өтө жаман иш болуптур
Позор позор позор и ещо раз позор
Нет слов