Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды
Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында 2 унаа сүзүшүп, кырсыктан айдоочу жана 1 жүргүнчү жаракат алды. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык эртең мененки саат 9:30дар чамасында Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде катталган. Анда карама-каршы багытта келе жаткан Honda Fit жана Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан Honda Fit унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Унаалар айып аянтчасына токтотулган. Учурда аталган окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.