Оор атлетика боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышат
Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда саат 15:00дө оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 14 өлкөдөн 100дөн ашуун спортчулар катыша турган бул мелдешке даярдыктар көрүлүп бүттү. Ал эми Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргойт. Алар: Жаңыл Океева (48 кг), Аделя Баизова (69 кг), Тимурлан Бекнур уулу (56 кг), Манас Стамалиев (62 кг), Сыргак Абдрахманов (62 кг), Улан Жакишев (69 кг), Захид Токтобаев (69 кг), Курсант Төлөнов (77 кг), Жалил Жапаров (85 кг), Алексей Богалёв (105 килограммдан жогору).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.