Күбө: "Москвадагы мекендештерин унаасы менен тебелетип кеткен окуя бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан улам болгон"
Орусиянын Москва шаарында мекендештерин унаа менен сүзүп кеткен Кыргыз жараны 20 жашта болгон. Окуя тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги расмий маалымат тарата элек.
Бирок Марьино районундагы окуянын келип чыгышы боюнча күбөлөр өз алдынча билдирүү таратышууда. Алардын айтымында, бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан ушундай кырсык болгон.
"Окуяга шектүүнүн сүйлөшкөн кызы ошол күнү кечеге башка жигит менен барган. Муну билген Б.С. ачуусу менен келип жаңжал чыгарган. Кыздын артынан келген Б.С. атаандашын өлтүрөм деген ойдо унаасында күтүп отурган. Кечеге баргандар эс алуучу жайдан чыкканда Б.С. унаасы менен топтошкон адамдарды сүзгөн", - дейт күбө.
Аталган окуя бүгүн, 9-сентябрда Москва шаарынын Марьино районундагы Новочеркасск бульварындагы эс алуучу жайлардын биринде болгонун күбөлөр билдиришкен. Ал эми орус маалымат агенттиктери кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 9 киши ооруканага жеткирилгенин жазууда.



ХХХХХ ХХХХХХХ
Эмне дейбиз, элдин ырыскысына чычкандардын баары жазасын алсын, эркеги да, кызы да...
тема: Наезд на пешеходов в Москве (6 материалов)
Посольство КР: Подозреваемый в автонаезде на пешеходов в Москве является гражданином РФ
Стали известны причины конфликта, переросшего в драку в московском кафе "Аура" и в результате которого был совершен автонаезд на группу пешеходов.
Жекшембинин таңында Москвада кыргызстандыктарды унаа менен тебелетип кеткен 21 жаштагы Орусиянын жараны Бекжан Сарбишевге кылмыш иши козголду. Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголгонун Москванын Марьино району боюнча ИИМ бө