Санкт-Петербургда полиция кызматкерлери 7 жаштагы кыргыз кызын балкондон алып түштү
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйдүн балконунан 7 жаштагы кыз куткарылды. Ал кыргыз жараны болгонун орус маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя 8-сентябрда Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Полиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар тарабынан маалымат келип түшкөн. Анда кичинкекей кыз балконго чыгып, апасын чакырып ыйлап жатканы кабарланган.
Жерине полиция кызматкерлери барып 7 жаштагы Захира аттуу кызды балкондон алып түшүп, полиция бөлүмүнө, андан кийин 5-шаардык балдар ооруканасына алып барган. Көп убакыт өтпөй эле Захираны алып кетүү үчүн 26 жаштагы келин келген. Ал Захиранын күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн апасымын деп тааныштырган. Ошондой эле 26 жаштагы келин кызы менен туугандарынын үйүндө жашай турганын билдирген. Ал эми 7 жаштагы кыз апасы аны жалгыз таштап кеткенине ыза болуп балконго чыгып ыйлаганын билдирген.



Айрымдары бир баласын кучактаап уйдо отурат куйоосуно жук болуп... Башкасы баланы кор кылып карайт...
Колундан жаш баласы болсо, чондорун айылга таштап, кичинекейин алып, куйоосунун жанында жургон келиндер айылдагы балдарынын жанына барып, кайын журттун да кызматын кылып журуудон качканын актоонун зарылчылыгы канчалык?!!
Россияга балдарын алып барып торт дубал ичинде камап баккыча, айылда бакса балага жакшы эмеспи, достору менен кочодо кенен кесири ойноп чонойот...
Копчулук жапандарыбыз балдарынын каалоосун ойлобой эле чет олкого, жанына алып алышат...
Туура эмес албетте. Бала ата-эне мээримине тоюп жанында болгону жакшы болгону менен, Россияда чектеп торт лубал арасында алып отурганы баланын тарбиясына оз созун айтат.