super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кадамжайдагы тоодон өрт чыгып, жалындап күйүп жатат" дейт окурман

 

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Кадамжай шаарында тоодон өрт" чыкты деген билдирүүсүн жөнөткөн.

"Кадамжай шаарындагы тоодон өрт чыгып, тездик менен тутанып, жайылып жатат. Жаш балдардын өрт тууралуу маалыматы аз. Алар кызыгып барып алса эмне болот? Алдын алуу иш-чаралары аймактарда өткөрүлүшү керек. Алдын албаса жаратылышыбыз өрттөнүп жок болуп кетет. Өрттүн башталганына бир нече саат болду", - дейт окурман.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, Кадамжай шаарындагы Саңги-Бала тоосунун боорунда куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 18:40та куткаруучулар барышкан. Өрттүн келип чыгышы, өчүрүлүшү тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: