super.kg logo

Москвадагы кырсыкка күнөөлөнүп жаткан жарандын агасы: "Топтошкон 10 бала инимдин кулагындагы угуучу аппаратын жулуп, колунан телефонун алып, топтой кылып ойногон"

 

Москвада Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзгөн деп шектелген жарандын атасынын бир тууганы Сулайман Жүжүбаев "иним жоош, андай ишке бара турган бала эмес болчу" дейт. Ал шектүү тууралуу SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Бекжан менин бир тууган инимдин баласы. Алар Өзгөн шаарынын Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылынын тургундары. Бирок бир канча жылдан бери Орусияга барып иштеп, Орус жарандыгын алышкан. Бекжан 5 бир туугандын улуусу. Ал акыркы убакта апасы жана 18 жаштагы карындашы менен Москвада иштеп, окуп жүргөн. Ал эми бир тууганым 3 баласы менен айылда турушат", - дейт ал.

Ал эми кечээ, 9-сентябрдын таңында болгон окуя тууралуу мындай дейт.

"Бекжандын карындашы 8-сентябрда 18 жашка чыгат. Туулган күндү белгилөө үчүн кафеге Бекжан, карындашы, айылдашы жана бир тууган жээни келет. Ал кафеде топтошкон жигиттер дагы отурган экен. Алар туулган күн белгилеп жаткандардын жанына барып, кыздарга тийишип, телефон номерлерин сурайт. Ошондо бирөөсү "жигитим бар" десе, "бар болсо эмне болуптур" деп кайра тийишет экен. Ошондо Бекжан "мен кыздардын агасы болом, тийишпегиле" деп ортодо пикир келишпестик чыгат. Бирок кафеде жаңжал болгон эмес. Бекжан карындашын, жакындарын алып эшикке чыкканда баягы жигиттер сыртта күтүп турушуптур. Бекжан унаасына отурайын дегенде жигиттер келип аны уруп, кулагындагы угуучу аппаратты жулуп ыргытып, колундагы телефонун алып бири-бирине топтой кылып ыргытып ойногон экен. Бекжан II топтогу майып, кулагы жакшы укпайт. Ошондо жигиттерден качып кутулам деген ой менен унаасына отурат дагы, нес абалында айдап, кишилерди сүзүп алган", - деди Жүжүбаев.

Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан.

Ал эми кырсыкка шектүүнүн карындашы орус маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
10.09.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Адеп менен сыйдын жоктугунан улам, озго жерде кыргызды-кыргыз мазактап кордогон, алсызга алдуулар, азга-коптор кол салуу менен олумду тилепсинер да! Аз болдубу эми силерге?! Бирин олуп, бирин майып болуп, биринди турмого тыктынар... Бироонун козго басаар баласын шылдындадынар эле, озунор майып болбой эмне болдунар эми?БИРООНУН КЕМЧИЛИГИН ДАНАЗАЛАП, ОШОГО УСТОМДУК КЫЛАМ ДЕГЕН ЖИГИТТЕРдин кылганы жигитчиликпи?!Бироонун намысын тепселоо олтургонго барабар!
10.09.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карындашы башкача маалымат берип бул башкача маалымат бериптирго
10.09.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кафеге баргандын жыйынтыгы ушундай жамандыкка алып барат, себеби кафе эң эле бузуку жана ыплас жерлердин бири.
10.09.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акеси менен карындашы куноолуу эмес. Кептин баары жанагы мазактаган балдарда.
10.09.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dobrajelatel, ой алар периште, периштелер тунку клубда эс алат. Периштелер машине менен сузуп адам олтуруп миллиондогон мигранттын ырыскысына чычат. .
10.09.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Куноо ошол акмактарда топтошуп алып жалгыз бироону мазактаган, ошону корушмок таба эмес тобо ХХХХХХХХХ жон жургуло ошон учун, жалко тиги балага кайактагы бир тартиби жок айбандардын айынан турмого отурганы
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-10 14:29:24
10.09.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
күнөө мазактаган балдарда бирок алар сопсонун болуп эле жүрүшөт машинанын түбүндө калган балдар башка болуп атпайбы бир тууган жээним рянимацияда жатат алар да туулган күн белгилеп чыгышкан болот (Бекжан) башка топтун балдарын сүзүп кетиптир
10.09.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тушунбой жатам ,ага-карындаш эрчишип кафеге барганбы ? Албетте кафеде ичимдик болот ,тийишет дегендей ...Менин байкем кафеге "барып келели "-десем барбаса керек .
10.09.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй адамдар, кичине уялгылачы калп айткандан. Элди алдаган менен озунорду, устунордогу Кудайды алдай албайсынар...

Карындашымын деген бири газ менен тормозду алмаштырып алган деп элдин кулагына лапша илди эле, эми мунусу чыгып качып кутулам деп элди сузуп алган деп жанын жейт. Оой киши, олуп баратсан да чындыкты айтып олчу!!! Же семейный аферистсинерби?!!

Видеодон даана эле корунуп турат, тиги балдар-кыздар жолго чыкканда гана атайылап келип сузгону. Эл акмак эмес го?!!
10.09.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балээ барбы тунку клубда?!! Чайхана ж.б.барып деле отуруп туулган кун тоссо болот го?!! Тунку клубда ичишет, бир-бирине жабышып бийлешет, мушташышат. Ошону биле туруп кутуруп тунку клубга барышты да шайтандары козуп. Тыртандап бийлеп жатса башка балдар тийишпей коймок беле?!!

Эми эмне болгон кундо да, ким куноолуу болгон кундо да кылмыш жасалды, адам олду. Баарынан да кыргыздарды уят кылды, ырыскысына чычты ошончо мигранттын. Жазасын алсын татыктуу!!!
11.09.2018. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тууган агасы менен тунку клубка кантип барган тоообооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: