"Жаңы толкун" жаш таланттар сынагынын жеңүүчүсү аныкталды
Кечээ, 9-сентябрда Сочиде өтүп жаткан "Жаңы толкун" жаш таланттар сынагынын жабылуу аземи орун алды. Анда орустун бир топ атактуулары көрүүчүлөргө шаңдуу маанай тартуулашты. Өзгөчө Филипп Киркоров менен Николай Басковдун аткаруусундагы "Ибица" дуэти көпчүлүктүн эсинде калды.
Ал эми сынактын жеңүүчүсү деп 298 балл менен орусиялык ырчы Дан Розин табылса, 2-орунга 297 балл менен Орусиядагы "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү Дарья Антонюк менен армян элинин ырчысы Геворг Арутюнян татыктуу болду.
Айта кетсек, "Жаңы толкун" жаш таланттар сынагы 4-сентябрда старт алган. Ага 10 мамлекеттен (Азербайжан, Армения, Болгария, Греция, Италия, Казакстан, Канада, Мальта, Орусия жана Украина) 15 ырчы катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nurzada_0111

10.09.2018. 11:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандан эч ким катышпай калдыбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.