Акылбек Жапаров: "2019-жылы энергетиктер 14 миллиард сом карызын төлөшү керек. Алар 3 миллиард сом эле бере алат. Калганы элдин моюнуна түшөт"
"Энергетиктер эсеби жок эле карыздарды ала бергени үчүн эми төлөй албай жатышат" деди депутат Акылбек Жапаров парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында. Ал мындай пикирин жылытуу тармагын жакшыртуу үчүн 31 миллион доллар каражат алуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
Жапаров мамлекеттик карыз жылдан-жылга өсүп жатканын кошумчалады.
"Бул каражаттын да кайра кайтаруу булактары жок экен. Демек, биз акча алганга уруксат бербешибиз керек. Бишкек ЖЭБине каражат алууда да ушинтип каржы булагын көрсөтө алган эмессиңер. Энергетиктер 2019-жылы 14 миллиард сом карызын төлөшү керек. Бирок алар 3 миллиард сом гана бере алат. Калганы кайра эле элдин эсебинен төлөнөт. Мындан улам насыя алууга чек коюу зарыл", - деди Жапаров.
Ал эми депутат Эмил Токтошев да карызды кайтаруу булагы көрсөтүлбөгөнү үчүн аталган маселени кийинки жыйында кароону сунуштады. Анын сунушу кабыл алынып, маселе кийинки отурумга жылдырылды.



Атамбайдын элге кылган жакшылыгынан элди мызга отургузганы ашып туштуго!