super.kg logo

Николай Басков менен Филипп Киркоровдун жаңы чыгармасы кайрадан элдин сынына кабылды

 

Орусиянын Эл артисти Филипп Киркоров кайрадан элдин көңүл чордонунда. Тагыраагы, ушул жылдын май айларында коомчулукка "Цвет настроения синий" аталышындагы ыры менен клибин тартуулаган Киркоров, эми аталган чыгарманын уландысы катары "Ибица" деген дуэтти кесиптеши Николай Басков менен бирге аткарып, анын клиби интернетке жарыяланды.

Маалым болгондой, клип интернет желесине 8-сентябрь күнү жүктөлүп, 2 күндүн ичинде 3,5 миллион кароо топтоого жетишкен. Анда жогоруда аты аталган 2 ырчынын бири-бирине болгон атаандаштыгы көрсөтүлүп, шоу-бизнестеги кесиптештери аларды талкуулап жатканы чагылдырылган. Атактуулардан Сергей Шнуров, Андрей Малахов, Гарик Харламовду да кезиктирүүгө болот.

Учурда клипти мактагандарга караганда, аны катуу сынга алган көрөрмандар басымдуулук кылууда. Көпчүлүк "Эл артисти аталган атактуулар олуттуу чыгармаларды аткарышы керек" деген пикирлерин калтырышууда.

Айта кетсек, буга чейин Киркоров "Цвет настроения синий" аталышындагы чыгармасын тартуулап, анын клибине Иван Ургант, Ольга Бузова, Григорий Лепс жана башкаларды тартып, өзү 16 жаштагы бейбаш баланын ролун аткарган. Клип көрүүчүлөр тарабынан катуу сынга алынып, ал гана эмес интернет колдонуучулар ырчыны "Эл артисти" наамынан ажыратууну талап кылып, Орусиянын маданият министрине кат жолдошкон.






Филипп Киркоров, Николай Басков - "Ибица"

Филипп Киркоров - Цвет настроения синий (2018)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.09.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо карыганда калжандап жаман болду го.Король и золотой голос аты менен эле журо берсе барктуу болушат эле.Булар жаны клип менен эл жаман корсо да [moderated]дан просмотр топтойлу деп оздорун турдуу кылып элге корунуп жатышат го дейм...
10.09.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чем хуже тем лучше кылган экенда
Медиа-портал
10.09.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туалетти кошпой эле койбоптур Фуууууу!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: