super.kg logo

MegaCom: акысыз Wi-Fi бардыгы үчүн

 

Интернет ааламына саякат жасоону сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу жаңылык! MegaCom компаниясы Vefa Center соода борборунун имаратында акысыз Wi-Fi түйүнү ишке киргизилгендигин маалымдайт. Wi-Fi технологиясынын колдоосу болгон мобилдик телефондордун, планшеттердин жана ноутбуктардын ээлери интернет кызматтарынан чектөөсүз колдоно алышат. Мисалы, электрондук почта менен иштөө, сайттарды көрүү, жаңылыктарды окуу, мессенжерлерде баарлашуу жана башкалар.

Интернетке жетки алуу үчүн, жеткиликтүү түйүндөрдүн тизмесинен "MegaCom Wi-Fi" же "MegaCom_Wi-Fi_5GHz" түйүнүн тандоо, андан кийин авторлоштуруу – өз номурун 0AAAхххххх форматында киргизүү жана да кодду алуу зарыл. Белгилей кетсек, бул кызмат тесттик шарттамда иштейт жана Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунун абоненттери үчүн жеткиликтүү.

"Ири уюмдардын калаанын калк көп чогулуучу жайларында толук кандуу жана акысыз Wi-Fi-инфраструктурасын түзүүсү бул жалпы дүйнөлүк тенденция. Биз да ушул багытта иш алып баруубуз керек деп ойлойбуз. Абоненттерибизге эле эмес, борбор шаарыбыздын тургундарына жана меймандарына да мындай ыңгайлуу кызматты көрсөтүү биз үчүн маанилүү", - деп белгилей кетти, MegaCom компаниясынын Санариптик маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Николай Кан.

Кызматты кошуу жана анын шарттары тууралуу толук маалымат компаниянын megacom.kg расмий сайтында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: