ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыяда баламды бакчага берүүгө 2 жыл мурун кезекке катталгам, бул арада андан кийин баргандарды кабыл алды" дейт окурман
"Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Келечек" балдар бакчасына мындан 2 жыл мурун барып, баламды берүү үчүн кезекке тургам. Бирок дале ала элек", - деди окурман "Элдик кабарга" бүгүн, 10-сентябрда.
Анын айтымында, андан кийин баргандар балдарын бала бакчага беришкен.
"Мен тааныган эле адамдар балабызды ушул бакчага бердик деп жатышат. Сураштырсам кезекке менден кийин тургандар, кээ бирлер кезек деле күткөн эмес. Мындан улам ортого тааныш салбасаң эч качан кезек жетпейт экен деп түшүнүп калдым. Аталган бала бакча наристелерди кандай негизде кабыл алат?" - деди ал өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Бул корунуш Кыргызстан боюнча ушундай. Бир бардык садиктерге рейд жургузсо. Лейлек району Жаны -жер айыл окмотуго да текшеруу келсе дейм. Садиктерге оло акча жыйдырат. Кир машина апер дейт. Бир группанын бельосун апер, залдын Паласын апер. Зановеска апер. Апер апер коп айтор.
Кыскасы баланды берем десен бир буюмун которушун керек. Болбосо Очеред келе элек деп коет.
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.