super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кожобек Рыспаев: "Көчмөндөр оюндарын биринчилерден болуп ачкан адамга даңк"

 
Кыргыз жергесинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, учурда бул долбоордун автору ким экени кызуу талкууда. I Көчмөндөр оюндары 2012-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өткөн. I жана II Көчмөндөр оюндары өтөр алдында көп сындар айтылып, Атамбаев бүт соккуну өзүнө алганда бул долбоорду азыр мактап жаткан саясатчылардын көпчүлүгү унчуккан эмес. Бирок Көчмөндөр оюндары Кыргыз элин жакшы жагынан көрсөткөн жалгыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор болгонун мезгил өзү далилдеп отурат. SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин бул эмгегин кантип бааласа болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жооп берди.
Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Көчмөндөр оюндарын эки жолу өткөргөн эмгегин эл биле турганын айтты.
“Көчмөндөр оюндары биз үчүн сыймык. Кыргыз мамлекети дүйнөгө дүңгүрөп таанылып жатат. Бул иш-чараны бир эмес, эки жолу өткөргөндөргө даңк. Бул эмгекти эл билет. Жакшы нерсени жакшы деп айтышыбыз керек. Кыргыз өлкөсүндө Көчмөндөр оюндары биринчилерден болуп ачылганы сыймык”, - деди Рыспаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: