super.kg logo
  Саясат  

Депутат Тазабек Икрамов: "Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, намыс жана салтыбыз үчүн кеткен чыгашаларды эсептебеш керек"

 
Кыргыз жергесинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, учурда бул долбоордун автору ким экени кызуу талкууда. I Көчмөндөр оюндары 2012-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өткөн. I жана II Көчмөндөр оюндары өтөр алдында көп сындар айтылып, Атамбаев бүт соккуну өзүнө алганда, бул долбоорду азыр мактап жаткан саясатчылардын көпчүлүгү унчуккан эмес. Бирок Көчмөндөр оюндары Кыргыз элин жакшы жагынан көрсөткөн жалгыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор болгонун мезгил өзү далилдеп отурат. SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин бул эмгегин кантип бааласа болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жооп берди.
Ал Көчмөндөр оюндары идеясын алып чыккан ошол кездеги бийликтегилерге ыраазычылык айтуу керектигин айтты.
“Көчмөндөр оюндары үчүнчү жолу өттү. Бул иш-чара аркылуу биздин салтыбыз, оюн-зоокторубуз даңазаланды. Көчмөндөр оюндарын уюштуруу идеясын ойлоп чыккан ошол учурдагы өкмөткө, бийликке даңк десе болот. Жакшы демилгени алып чыгышты. Намыс, салтыбыз үчүн кеткен чыгашаларды эсептебеш керек. Көчмөндөр оюндары тарыхта өзгөчө орду менен калганы үчүн сыймыктанабыз. Демилгечилерге ыраазычылыгыбызды билдирүүбүз зарыл”, - дейт Икрамов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Кожобек Рыспаев, Аида Касымалиева, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: