super.kg logo

Лондондун мэри "Жамийла" повестинен үзүндү окуду

 

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Улуу Британиянын борбор шаары болгон Лондондун мэри Садик Хан "Жамийла" повестинен үзүндү окуду. Аталган видеону Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн YouTube`дагы расмий баракчасына жүктөдү.

Маалыматка ылайык, Британиядагы Кыргыз элчилиги атайын долбоор баштаган. Анда белгилүү британиялык саясатчылар улуу жазуучунун чыгармаларынан үзүндү окуп, аны видеого түшүрүшөт. Алгачкылардан болуп өзүнүн видеосун шаар башчысы Садик Хан жаздырган. Анда элчи повесттин каарманы Сейиттин монологунан үзүндү аткарган.

Садик Хан Лондон шаарынын мэри болуп 2016-жылы дайындалган. Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги "Айтматовду бирге окуйбуз" акциясын баштаган. Анда окурмандарга жазуучунун чыгармаларынан ар кайсы тилдерде үзүндү аткарып, социалдык тармактарга #айтматовдубиргеокуйбуз деген хештег менен жүктөө талабы коюлган.






"Жамиля" повестинен үзүндү Лондондун мэринин аткаруусунда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
10.09.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай гана соонун. Негизи биздин мэрлерге, депутат, президент министрлерге улгу боло турган ушул Лондондун мэри болду окшойт. Биздин чиновниктер намыстанаар бекен эми эмне кылышаар экен. Биздин чиновниктер ушинтип Лондонго окшоп биз пир туткан Айтматов агабызды чындап даназалайт бекен же жокпу? Азаматсын Лондончик. Англичандар толеранттуу эл экени ушундан корунуп калды.
pat12 түзөттү 2018-09-10 19:38:25
10.09.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына биздин сыймыгыбыз,Кыргыздын чыгаан уулу, дуйно эли урматтаган улуу инсан Чынгыз Айтматов!!!
10.09.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сыймык
10.09.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат экен үзүндү айтып жатат биздин депуттар гимнден үзүндү айтып бере алышпайт
10.09.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козго жаш келип кетигооо
10.09.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи жолу Лондонду мусульман мэр башкарып жатат жумушка эл менен чогуу шаардык автобуста барат. Зонтик көтөргөн жардамчысы жок экен.
10.09.2018. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алла ыраазы болсун ушул адамдан
10.09.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пакистанец болот, бирок муслман эмес будди дешет дагы Ким билет. Негизиси азамат экен. Гимнчи депутаттарга улгу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: