Түрк элчиси: "Ар бир интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар адам ФЕТӨ тууралуу толук маалымат ала алат"
Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат түрк журналистинин "Кыргыз өлкөсүндө ФЕТӨ уюму тууралуу толук маалымат жок" деген билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда элчи SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрү өздөрүн ашкере кылбоону эң жакшы өздөштүргөн адамдар экенин көпчүлүк билет. Алар ФЕТӨ ишмердүүлүк жүргүзгөн ар бир өлкөдө сапаттуу билим берип жаткан уюм катары пикир калыптандырышкан. Бирок Түркияда болуп өткөн окуялар биздин да, башка өлкөлөрдүн да көзүн ачты. Азыр баарыбыз өнүккөн доордо жашап жатабыз. Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар ар бир адам 2016-жылдагы Июль окуясы тууралуу толук маалымат ала алат. Кыргыз өлкөсүндө да бул окуя тууралуу маалымат бар экенин билем. Мындан ары да эки өлкө ортосунда достук-кызматташтыктын өнүгүшү менен биргеликте, келерки жылы ФЕТӨ уюму боюнча да маанилүү кадамдар жасалат деген үмүттөбүз", - деди түрк элчиси.
Түрк журналисти Ханде Фырат "Мен көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө ФЕТӨ уюмунун чыныгы жүзүн билишет дегенге ишенбейм. Биз бул тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз жана айтып түшүндүрө беребиз" деген билдирүү тараткан.



Силердин Фетонорду интернеттен издегилей бизге пайдасы эмне?!! Озунордун саясатынарды бизге тануулабагыла, обнунарды уйунорго барып ойногула, Туркияда, биздин тынчыбызды албай...
Админ, ушул ФЕТО мето боюнча макала жазуу шарт беле?!! Бизге вообще кызыгы жок, турктордун саяса
Фетхуллах гулен терордук уюму