1-августтан баштап мамлекеттик кызматкерлердин жана жергиликтүү бийлик башчыларынын айлыктары көтөрүлөт
1-августтан баштап мамлекеттик кызматкерлердин жана жергиликтүү бийлик башчыларынын айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу 3-июлда эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Министрдин айтымында, айлыктардын жогорулашы 2 этап менен өтөт. Биринчиси - 1-августтан, экинчиси - 1-октябрдан башталат. "Буга өкмөт 1 миллиард 900 миллион сом караган",- дейт министр. Бул демилгени Мамлекеттик кадр кызматы көтөрүп чыкканын кошумчалады ал.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















