super.kg logo

Билим берүү министрлиги "Сапат" тууралуу билдирүү таратты

 

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш алып барып жаткан аралаш менчик түрүндөгү мекеме. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кандайдыр бир кайра түзүлүүсү же мүлктү өткөрүп берүү боюнча чечим Уставга ылайык негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат.

"Негиздөөчүлөрдүн курамына Кыргыз жарандары жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кирет. Бул министрликтин жана Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык, “Маарифтин” ишмердүүлүгү тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн. Келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, документ ратификациядан өтүшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 1-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын "Маариф" фонду менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат "Сапат" билим берүү мекемелерин "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү каралып жатканын айткан. "Учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университети кандай иштеп жатса, "Маариф" фондунун мектептери да дал ошондой тартипте иш алып барат. Тактап айтканда, "Маариф" фондунун ишмердүүлүгү Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндө болот. Учурда "Сапат" билим берүү мекемелери жабылат деген маалыматтар тарап жатат. Жабылуу менен өзгөртүү деген сөздө чоң айырма бар. "Сапат" мектептери мурдагыдай эле ишмердүүлүгүн жүргүзө берет. Бирок "Маарифтин" карамагына өткөрүү каралууда. Анткени бул мектептер Түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулган. Убагы келгенде "Маарифке" өткөрүлүп, алардын билиминин сапаты мындан да жакшыртылат", - деген элчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
11.09.2018. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кечиресинер. Не по тему. Сайт вторник сайын обновлятсетип турчу эле го. Бугун жок го?
11.09.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pchelka85,
Саламатсызбы? Шейшемби күндөрү, саат 09:00дө жарыяланат.
11.09.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми болот чыдап тур 9дан отуп 10го жакын
11.09.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ратификация деп жазылат го
11.09.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул мектептер адашпасам турк мамлекетинин эсебинен эмес, турк жеке ишкерлеринин акчасынын эсебинен курулса керек эле. Эгер мен айткандай болуп чыкса, турк элчиси тараткан маалымат калп болгон болот, турк жарандарынын салыгынын эсебинен курулган дегени...

Эрдоган бизге кандай жашашты уйротуп оз каалоосун тануулап жатат. Жээнбеков болсо "ляппай" деп отурат... Окунучтуу....
11.09.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Chagylgan2, менде да ушундай ой калды. Эрдоган кандайдыр бир условия менен келгендей. ((
11.09.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менде да ушундай ой калды.
11.09.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулган дейт дагы кайра эле Гуленчилер курган деп айыптап атпайсынарбы? Тушунуксуз! Турк сериалы болуп кетти го бу Эрдоганчылар жана Гуленчилер
11.09.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче быйылкы бутуручулор кобу турк лицейлерин бутургондор болду окшойт Жакшы бал алгандар ОРТдан.
11.09.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстан учун ыңгайлуу шарттар жаралса, өкмөт жеке ишкерлердин тем более башка мамлекететин эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойтда. Соке билет эмне кылышты
11.09.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 млярд доллар сурап алыш керек дагы жаап салыш керек гуленчилерди.
Ансыз деле бир кун Кыргызстанга койгой жаратат булар.Эрдоган озу суранып жатканда бир ок менен эки коен атыш керек.Анан ислам универстетинин алдында да турган кыргызча ушундай фонтторду тузуш керек.дин боюнча туркиядан кем калбайбыз биз
11.09.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул маселени мени менен кенешсе мен соонун кылып чечкенге жардам бермекмин.
Бизде Гуленге окшогон дагы коп бирикмелер бар.Баарынын системасын мен жакшы тушуном.
11.09.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сапат билим берүү мекемесинин доору бүттү.Маариф эле ишин уланта берсин. Атаандашуу болгон жерде сапаттуу билим болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: