super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети Гуревичтин билдирүүсү боюнча маселени башкы прокурор жыйынга келбегени үчүн караган жок

 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Евгений Гуревичтин "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча маалымат берүүгө Жогорку Кеңештин комитет жыйынына келген жок.

Анын жыйынга келбей калганын Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев түшүндүрдү. “Бүгүнкү комитеттин отурумуна башкы прокурор чакырылган. Анын иштери чыгып калып мени жиберди” деди Дүйшембиев.

Комитет төрайымы Наталья Никитенко башкы прокурор өзү жок болгондуктан бул маселени кийинкиге жылдырууну сунуштады.

Буга чейин Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштаганын кабарлаган.

Учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына барып, өзү менен жолукканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: