"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкекте эки унаанын кагылышынан жол четинде квас сатып отуруп жабыркаган аял каза болуп калды
10-сентябрь күнү Бишкектин Түштүк магистраль жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жол кырсыгы катталган. Анда эки унаа сүзүшүп, бири жол четинде квас сатып отурган 30-35 жаштардагы аялды сүзүп кеткенин күбө SUPER.KG'ге кабарлаган болчу.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова жол кырсыгынан жабыркаган аял каза болуп калганын 11-сентябрда маалымдады.
"Жол кырсыгынан жабыркаган аял саат 17:50 чамаларында ооруканага жеткирилген. Анын абалы өтө оор абалда болгон. Саат 23:05те алган жаракатынан улам каза болуп калды", - деди Айгерчинова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Жаткан жери жайлуу болсун,Жараткан бейиштен орун берсин.
Жооок жоооок,шалакаалык(((
Мына акыркы бир жылда эле адам омурун алган канча кырсык алды. Ошонун канчоосунда куноолуу айдоочулар камалды, ким айта алат?!! Жумакадыровун олумуно себепкер айдоочудан башка к