Түркиянын Кыргыз жериндеги элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды
Түркиянын Кыргыз жериндеги элчиси Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
"Бүгүн, 11-сентябрь күнү Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат министрликке чакыртылды. Жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-2-сентябрдагы иш сапарынын алкагында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу тууралуу жана Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык тууралуу Жогорку Кеңештин төртүнчү отурумунун жыйынтыктары тууралуу сөз болду.
Мындан сырткары Кыргыз тарап элчиге коомчулукка бир гана объективдүү маалыматты жеткирип туруу каалоосун билдирди", - деп маалымдашты министрликтен.
Түрк элчиси 10-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, анда "Сапат" билим берүү мекемелерин "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү каралып жатканын билдирген.
кошулду



Мага лично Гулен ким, анын идеологиясы кандай, вообще кызыктырбайт.
Эрдоган Кыргызстанда Маариф мектептерин ачууну кааласа биз каршы эмеспиз. Бирок Себат лицейлерин жайына коюп озунчо мектеп ачсын. Себат лицейлерине мурдун тыкпасын. Бул жер КЫРГЫЗСТАН, Туркия эмес!!!