super.kg logo

Бишкектеги №95-мектеп-гимназиясында мугалимдер иш таштады деген маалымат чындыкка жатпайт

 

Борбор калаадагы №95-мектеп-гимназиясында мугалимдер иш таштады деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда SUPER.KG'ге аталган мектеп-гимназиясынын мугалими билдирди.

Жал кичи районунда орун алган №95-мектеп-гимназиясынын директору ээлеген кызматынан бошотулган. Буга мугалимдер нааразычылыгын билдиришип, кечээ акыркы сабактар өтүлбөй калганы жана бүгүн да ишке чыкпаганы айтылган. Бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн мектепке кайрылганыбызда атын атагысы келбеген мугалим төмөнкүлөрдү билдирди:

"Мен аты-жөнүмдү атагым келбейт, себеби корком. Кечээ директорубуз жумуш ордунан бошотулганын угуп аябай нааразы болдук. Эмгек жамаатыбыз менен жакшы тил табышып иштеп жатканбыз, биз үчүн бул күтүүсүз нерсе болду. Буга биз эле эмес, ата-энелер да нааразы экенин билдирүүдө. Кечээ сабактар өтүлбөй калды, мугалимдер иш таштады деген кеп чындыкка жатпайт. Болгону кечээ, чоң танапис учурунда директорубуз келип 10 мүнөттүк чогулуш өткөрдү. Ал биз менен коштошуп, ыраазычылыгын билдирди. Жумуштан кетип жатканы башка жакка жумушка которулганына байланыштуу экенин айтты", - деп билдирди мугалим.

Анын айтымында, учурда сабактар өтүлүп жатат, мугалимдердин баары иш ордунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.09.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'Бошотулганын угуп аябай нааразы болдук', дейт да, кайра 'Кетип жатканы башка жакка которулганына байланыштуу экен' дейт.. Түшүнүксүз..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: