"Акча төлөбөсөңөр 10 күндөн кийин атайын аппараттан өчүрөбүз деп жатышат" дейт Түркияда комада жаткан Жыпариза Ажымалиеванын сиңдиси





Түркиянын Анкара шаарындагы "Нумуне" ооруканасында 1 жумадан бери комада жаткан Кыргыз өлкөсүнүн жараны Жыпариза Ажымалиеванын сиңдиси Рыскүл Ашырапкулова SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылды.
"Эжемдин Түркияга келгенине 3 ай болгон. Бул жакта башка мекендештерибиздей эле эмгектенип жаткан. 6-сентябрь күнү банктан үйүнө акча которуп келе жатып, эс-учун жоготуп жыгылыптыр. Эжем журналист, өз убагында телевидениеде, радиодо эмгектенген. Акчаны да жакында жарык көрө турган китебинин чыгымдарына салган экен. Мен Түркиянын башка шаарында жашап, жакын арада Кыргыз өлкөсүнө кетейин деп жаткам. Эжемдин ооруканага түшкөнүн угуп, дароо бул жакка келгем. Азыр жанындамын",- деп билдирди Ашырапкулова.
Анын айтымында, Жыпариза Ажымалиева астма оорусунан жабыр тартып келген. Ошол күнү дарысы түгөнүп калып, жүрөк согуусу токтоп, эс-учун жоготуп жыгылган.
"Эс-учун жоготкон маалда баш мээсине аба жетпей, көп зыян тартып калган экен. Муну бизге дарыгерлер айтып жатышат. Ал азыр комада жатат. Негизи мындай абалда түшкөндөр 2-3 күндүн ичинде эле эсине келет экен. Ал эми эжемдин баш мээси көп жабыр тартып калганына байланыштуу эсине келе албай жатат. Анын жарандыгы жана медициналык камсыздандыруусу жок болгондуктан күнүнө 400 доллардан төлөө зарыл экен. Эгерде акчаны төлөбөсөңөр 10 күндөн кийин эжем жаткан аппаратты өчүрөбүз деп жатышат", - дейт оор абалда жаткан мекендешибиздин сиңдиси.
Ошондой эле Түркиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине кайрылганын, бирок алар каржылык жактан жардам көрсөтө албастыгын билдиргенин, эми минтип кайрымдуу, кайдыгер карабаган мекендештерден жардам сурап кайрылууга аргасыз болуп жаткандыгын кошумчалады.
"Элчиликке кайрылганыбыз менен, эч кандай жардам болгон жок. Түркиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү келип абалын сурап кетишкен, бирок бүгүнкү күндө алардан да дайын жок. Эми кайрымдуу инсандардан жардам суроого аргасызбыз. Эжем өзүнө келсе эле Кыргыз өлкөсүнө алып кетели деп жатабыз", - деди бейтаптын сиңдиси.
Азыркы тапта Жыпариза Ажымалиеванын сиңдиси акча топтоо үчүн атайын эсеп ачуу маселеси менен жүргөнүн, жардам көрсөтөм деген мекендештер ага байланышка чыкса боло турганын кошумчалады.
Рыскүл Ашырапкулованын телефон жана WhatsApp номери +90 555 084 65 85.
кошулду
Түркияда көчөдө эс-учун жоготкон мекендешибиз



1 |