"Кыргызды маданияты төмөн калк катары таанытпайлы" деп Москвада Кыргыз жарандары чогулуш өткөрүштү
Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңеши жана Коомдук кеңештин демилгеси менен Москва шаарынын Марьино районунда болгон кырсыкка карата Кыргыз жарандарынын катышуусунда чогулуш болуп өттү. Чогулуш кечээ, 11-сентябрда болгонун Аксакалдар жана Коомдук кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуров SUPER.KG порталына билдирди.
Билдирүүгө ылайык, чогулушка Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин, Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, коомдук уюмдардын төрагалары, активисттер жана жалпы эле Москвада ар түрдүү багыттарда эмгектенип жаткан мекендештер катышты.
"Чогулушта акыркы убакта Кыргыз жарандары катышкан кылмыштар көбөйүп жатканы, мындай абал баарыбыздын жүрөгүбүзгө тынчтык бербей жатканы, мекендештердин өзүн-өзү алып жүрүүсү, маданияты, адеби төмөндөп баратканы айтылды. Мунун кесепетинен бөтөн элде жалпы кыргыз элин өзгөлөр маданияты төмөн калк катары таанып жатканы талкууга алынды", - деди Аттокуров.
Чогулуштун жүрүшүндө ага катышкан мекендештерден төмөндөгү суроолор жана сунуштар түштү:
1. Ай сайын Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жалпы мекендештер менен биргеликтеги жыйналышында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
2. Бүгүнкү чогулушта көтөрүлгөн маселелердин негизинде тиешелүү органдарга кайрылуу жиберүү;
3. Болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн, кырсыктардын себебин биргеликте анализдеп, сунуштарды талкуулоо;
4. Коомдук кеңештин уюмдарынын өкүлдөрүнүн курамынан чакан комиссия түзүлүп, кыргыз кафе-ресторандарын, жаштардын, унаа айдоочулар (таксисттер), спортчулар, кыз-келиндер, студенттер жана башка мекендештердин арасында жаралган көйгөйлүү маселелердин себебин талкуулоо жолу менен түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү;
5. Жалпы мекендештер менен түз байланышта болуп, миграция жана башка мыйзамдардын өзгөрүүсү тууралуу жана башка маалыматтарды маалымдоо максатында интернетте өзүнчө ютуб-канал ачуу.
кошулду



Ыз тыз, бул жакта туруп уяласын. Арканан кууп алышат.
Эми маданиятсыздыкты бизден эч Ким талашпай эле койсун ачыгы.