Исхак Масалиев: "5-6-класстагы кыздарын мектепке хиджап менен жиберген ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек"
"5-6-класста окуган кыздар мектепке хиджап менен келсе сынга кабылууда. Бул алардын өздөрүнүн каалоосу беле", - деп сурады депутат Исхак Масалиев УКМКнын өкүлүнөн.
УКМКнын өкүлү хиджап кийген кыздардын ата-энелери бул кадамга макул болсо маселе жок экенин айтты.
Масалиев: “Мектепте 5-6-класстын кыздары хиджап кийип жүрөт. Буга байланыштуу аларды кээде бөлүп жатышат. Алар өздөрүнүн эмес, ата-энесинин каалоосу менен бул кадамга барып жатышат. Бул жаатта ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Хиджап кийип келген кыздарды мектепке киргизбеген директорго жаназасы окулбасын деп жатышат. Бул “өлүп кет” дегени да", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео
















Башка маселе түгөнүп бир эле ушул маселе калдыбы? Же сиз дагы көптөн бери сүйлөй элек экенсиз, бир балп этип коймойуңузбу бул?