super.kg logo

Жардамга муктаж Милан Садыкжан уулуна каражат чогултуп берүү максатында кайрымдуулук концерт өтөт

 

Эстрада жылдыздары боор оорусу менен жабыркап, жардамга муктаж болгон Милан Садыкжан уулун колдоо максатында "Милан жаша" деген аталыштагы кайрымдуулук концертин уюштуруу алдында турушат. Бул тууралуу анын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти:

"23-сентябрь Бишкек шаарында, ал эми 25-сентябрь күнү Ош шаарында Миландын туш болгон тагдырына кайдыгер карабаган эстрада жылдыздары атайын кайрымдуулук концертин уюштуруу алдында турушат. Андан түшкөн каражат Миландын операциясына жумшалат. Бардык кайдыгер карабаган мекендештерден концертке келип, Миланды колдоп кетүүнү суранабыз".

Эске салсак, буга чейин SUPER.KG порталына 24 жаштагы Милан Садыкжан уулу кайрылып, боор оорусунан жабыр тартканын, тез аранын ичинде Индияга барып операция жасатуу керек болуп жаткандыгын айткан.

"Операцияга болжолдуу эсеп менен 50 миң доллар керектелет экен. Бул акчаны толугу менен ата-энем жана жакындарым таба албасына көзүм жетип, элден жардам сураганга аргасыз болдум. Башында элге жардам сурап кайрылуу керектигин укканда, намыстанып макул болбой койгом. Бирок абалым күндөн күнгө оорлошуп жаткандыгына байланыштуу бул кадамга барууну чечтим. Операцияга керектеле турган акчанын аз бөлүгүн жакындарым жана ата-энем таап берибиз деп жатышат", - деп билдирген ал.

Учурда каржы жаатынан колдоого муктаж болуп жаткан Милан Садыкжан уулунун байланыш номери 0778 33 45 45, Элсом номери 0778 27 52 52.


кошулду





"Милан жаша" аттуу кайрымдуулук концерти

Милан Садыкжан уулу жардамыңыздарга муктаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
Медиа-портал
30.08.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Коруп алып ыйладым чынында аябай окунучтуу Алла Таалам шыпасын берсин мен да дуа кылам буйруса айыгып кетесин......
12.09.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
АЛЛАХ шыпаасыны берип эртерээк сакайып кетсин
12.09.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элдин дуасы менен канчалаган адамдарга Алла шыпаасын берип айыгып келди.Сага да Алла дартына шыпаа берсин.Жардам берген инсандарга Алладан сураган жакшылыктарын берсин.
12.09.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россиядан кандай салат элсомдy?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: