super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ак-Босогодо жаш дарактарды четинен кыйып жатышат. Аны жергиликтүү жашоочулар тиккен" дейт окурман

 

Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Босого жаңы конушуна белгисиз адамдар келип, жаш дарактарды кыйып жатышат. Мындай маалыматты окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабарга" билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш буга чейин да кайталанган. Анда бак-дарактарды кыйып ордуна контейнерлерди алып келип коюшкан.

"Бүгүн да жапжашыл болуп өсүп турган бактарды четинен кыйып кетишти. Ал дарактарды менин ата-энем ушул жерге отурукташабыз дегенде, айланада бак болсун деген тилек менен отургузган. Алгач суу жок болгондуктан чакалап суу ташып өстүрүшкөн экен. Эми баары кыйылып, ордуна контейнерлер коюлуп жатат. Бул жердеги жашоочулар жер "өкмөттүкү" дешти. Өкмөт деле жаратылышты ойлошу керек го", - деген окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.09.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тал кессен он тал эк. ордуна эгип койушсаа тузук. бирок кайдааааан???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: