super.kg logo

Экотехинспекцияда мыйзам бузуулар болгондугу аныкталды

 

Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 12-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

Ал аталган инспекциянын мурунку басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын арызын мекемелер аралык комиссия карап жатканын айтты.

"Алынган материалдардын негизинде аталган мекемеде эреже бузуулар болгондугу аныкталды. Учурда атайын комиссия түзүлүп, Мамбеталиеванын арызы каралып жатат. Жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот", - деди Сагынбаев.

Буга чейин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган. Ошондой эле ал президентке кайрылуу да жолдогон. Президент Сооронбай Жээнбеков 26-августта Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган.

Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.09.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коррупция менен күрөштүн алгачкы жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Ар бир кызматкер өз мекемесинде болуп жаткан мыйзамсыз иштер боюнча ачык айтуусуна жол ачылды
12.09.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекттик башка кызматкерлерда Анара Мамбеталиевадан үлгү алыш керек. Тегерегиндеги коррупциялык көрүнүштөргө кайдыгер карбай мен жалгызмын менин колуман эмне келмек эле дебей коррупция менен күрөшүүгө өз салымдарын кошсо туура болот.
12.09.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы эле болуптур аябай кабатыр болуп жаткандардын оозу жабылат корунот эми каяктагы ойду тоону суйлошот тантырап оозунда элеги жоктор.
12.09.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дагы жемкорлук менен күрөшүүнүн натыйжасы десек болот. Баарыбыз Анарадай болуп айланабызда болуп жаткан иштерге ачык айкын болуп айтсак коррупционерлер тазаланмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: