super.kg logo

Москвада өрттөн кемпирди куткарган кыргыз жигити: "Мен аны сыртка чыгарсам, ал документ алышым керек деп батирге жулунду"

 

Өткөн аптада Москва шаарындагы "Тверская" метросундагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыккан. Айнегинен чыгып жаткан кара түтүндү байкаган кыргыз жигит биринчилерден болуп үстүнө чыгып, өз өмүрүн тобокелге салып күйүп жаткан батирден 80 жаштагы кемпирди алып чыккан. Ал 25 жаштагы Азамат Мамажакыпов экенин окурмандар "Элдик кабар" аркылуу билдиришкен.

Мамажакыпов Кара-Кулжа районунун тургуну. Москвада акыркы бир жылдан бери иштеп келет. Биз ага байланышып, окуянын чоо-жайын билдик.

"Кырсык болгон күнү биз ошол метродо гүл эгип иштеп жүргөнбүз. Бир маалда айланадагылар үстүңкү кабатта батир өрттөнүп жатканын айтып калышты. Бул нерсени угарым менен өрттөнүп жаткан 3-кабаттагы батирге чуркадым. Ичинде болжол менен 80-85 жаштагы кемпир түтүнгө ууланып, чыга албай бөлмөнүн ичинде бир нерсе издеп жатыптыр. Мен аны дароо подъездге чыгардым. Ал каршылык көрсөтүп, "кайра кирем, үйдүн документин табышым керек" деп батирге кирүүгө аракеттенди. Мен болбой, босогону тосуп алып аны киргизбей койдум", - дейт Мамажакыпов.

Анын айтымында, өрт чыккан батирге эч ким киргиси келбей өз өмүрүнөн кооптонушкан. Себеби газ жарылып кетүү коркунучу болгон.

"Мен деле аны ойлодум, бирок ал батирде кимдир бирөө жардамга муктаж деген ой мени токтото алган жок. Кийин сыртка чуркап чыгып, жардамга кишилерди чакырдым. Артымдан эки кыргыз жигит, эки Орус жараны кирди. Мен шлангды сүйрөп, ала келгем, артымдан келген адамдар менен чогуу батирдин ичинде жалбырттаган отко суу чачып өрттү өчүрүүгө аракет кылдык. Кийин өрт өчүрүүчүлөр келди, "Тез жардам" кызматы келип өрттөн жабыркаган кемпирди ооруканага алып кетишти.

Биз өрт чыккан батирге кошуна жашагандардын эшиктерин каккылап, алардын коопсуздугу үчүн сыртка чыгууга чакырдык. Сыртка чыксак аябай көп эл чогулуп калыптыр. Мен жумушума шашып кетип калдым, ошол бойдон ал жакка барган жокмун. Өзүм да түтүнгө ууланып калыптырмын, бирок ооруканага баруудан баш тарттым. Учурда мекениме келгем, эми дарыгерлерге көрүнөм", - дейт мекендешибиз.


кошулду





Кыргыз жигити Орусияда улгайган аялды өрттөн куткарды (сөгүнгөн сөздөр бар)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(9)
12.09.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Мына баатыр деп ушундай жигиттерди айтат.куткарчууну куткарып койуп мактоо жактоолорду кутпой оз иштери менен кетип калган.
12.09.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азаматсын
12.09.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец
12.09.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсын
12.09.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Муну айтышпайт тигилер. Жакшы жагыбызды көрбөй калышат океңдер.
13.09.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми ошол орус кемпир уйун берсин, бир олумдон сактады деп
13.09.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ушундай жакшы жигиттер да бар. Карындашын туулган кунго алып барып, ал жердеги балдар менен уруша кетип, машине менен сузбогон. Айрымдар ошолорду азамат деп отурат, адам сузгону учун...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-13 11:48:07
13.09.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат бирок жакшы иштерди айтышпайт тигилер
13.09.2018. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит экенсин. Кыргыздардын жакшы жагын дагы корсоткулочу ушинтип, болбосо акыркы окуялар кыргыз элине жаманыраак пикир калтырабы деп кыжаалатмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: