Иштебей турган техника, чаң жуткан эл, аткарылбаган убадалар... Айдоочуларды түйшөлткөн Кадамжайдагы жолго дале асфальт төшөлө элек (фоторепортаж)
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун аймагындагы унаа жол оңдоо үчүн казылган бойдон турат. Көк-Талаа жана Кара-Дөбө айылдарындагы бул жолдун узундугу 11 чакырым. Жолдо бара жатканда ар кайсы жерге чогулган таштарды, жол оңдолуп жаткандыгын түшүндүргөн белгилерди, жол жээгинде иштебей токтоп турган техникаларды көрүүгө болот. Жерден көтөрүлгөн чаң жол четиндеги дарактарды көмүп калган. Жай айларында Баткенге биринчи жолу бара жаткан адамдар дал ушул боз чаң аралашкан жолдон өтүп жатышты. Алар "Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмес, Баткенде эмне бар" дешери бышык.
Көк-Талаа айылынын тургуну Бакытбек Адыл уулу жолдун бүгүнкү күндөгү абалы элге ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айтты.
"Көчө чаң болуп жатат. Жолго суу сээп жатышканы менен баарыбир жол четиндеги дүкөндөргө чаң түшөт. Ал жерден биз азык-түлүк алып жейбиз. Азыр окуучулар, жаш балдар ошол чаң жолдон өтүп, дүкөндөрдөн таттууларды алып жешет. Ооруп калышы мүмкүн да. Жол тезирээк оңдолуп бүтсө жакшы болмок, эл кыйналмак эмес", - дейт ал.
Жолдун бул көрүнүшүнө айдоочулар нааразычылыгын билдиришүүдө. Кадамжайдан Бишкекке жүргүнчү ташып иштеген айдоочулардын бири Бахап Эсдоолатов жолдун курулушунун токтоп калышы ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын билдирди.
"Жол казылганга чейинки абал менен салыштырсак жолдон бир жолу айдап өткөндө унааны чаң басып калат. Сөзсүз жууганга туура келет. Унаанын жүрүүчү бөлүгү - дөңгөлөк жактагы тетиктерин мурун бир жылда алмаштырсак, азыр 3-4 айда эле бузулуп алмаштыруу керек болуп жатат. Айдоочулар жолдон унаа менен өтүп кетип жатабыз, ал эми Көк-Талаа айылынын тургундары кыйналышууда", - деди ал.
Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо үчүн 2017-жылы 17-майда Транспорт министрлиги "Алке Иншаат Санайи ве Тижарет" компаниясы менен келишим түзгөн. Курулуш иштерин баштоо тууралуу буйрук 2017-жылы 14-августта чыккан. Ишкана 33 чакырым жолду оңдошу керек эле. Өткөн жылдын декабрь айларында Караван айылы менен Көк-Талаа айылдарынын ортосундагы жол оңдоо үчүн казылып баштаган. Ушул жылдын май айларында 11 чакырым аралыктагы жол толугу менен казылган. Андан кийин аткаруучу компания жол куруучуларга айлык акы төлөп бере албай курулуш иштери үзгүлтүккө учураган.
Кадамжай районунун акиминин орун басары Абдуманнап Жакпаровдун айтымында, жолдун курулушун тездетүү берилген убадалар менен коштолуп келе жатат. Бирок жыйынтык жокко эсе.
"Аткаруучу компания 33 чакырым аралыкты 3 этап менен бөлүп оңдомок. Бирок курулуш иштери үч айга кечигип жатат. Май айында биринчи асфальт төшөлүшү керек эле. Акча каражаттын жоктугунан иш токтоп турганын айтып жатышкан. Август айынын башында транспорт министри келип тапшырма бергенде 15-августтан асфальт төшөп баштаарын айтышкан. Бирок иш башталган жок. Кийин жол оңдоочу компаниянын жооптуу кызматкери өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, ишти баштоо боюнча убада беришкен", - деди Жакпаров.
Абдуманнап Жакпаров жол куруу боюнча аткаруучу компания 23-августка карата берген маалыматында 548 миң доллар карызы бар экенин айткан.
"Компания жумушчуларга эмгек акы катары 60 миң доллар карыз. Мындан сырткары техникалардын ижарасы 32 миң доллар, бетон алууга 10 миң доллар, күзөт кызматына 7,5 миң доллар, жол боюндагы электр линияларын жылдыруу боюнча 5 миң доллар жана башка карыздар кошулуп жалпы суммасы 548 миң долларга жеткен. Карызды улам төлөп берип жатканын айтышууда. Техника бир аз иштеп жатат. 15-сентябрда асфальт төшөп баштайбыз дешкени менен, бул күнү башталбайт окшойт", - деди ал.
"Алке Иншаат Санайи ве Тижарет" компаниясынын Кадамжай районундагы өкүлү жолдун курулушунун кечиктирилиши тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Транспорт министрлигинен Кадамжайда жолду куруу иштери кызуу жүрүп жатканын, асфальт төшөлгөнүн айтып ишендиришүүдө. Бирок казылган узун жолдун 2 тилкесинде суу өтүүчү арыктын бетонунун куюлуп жаткан көрүнүшүнөн активдүү иш жүрүүдө деп айтууга болбойт.
Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоо иштерин Ислам өнүктүрүү банкы каржылайт. Бул үчүн 21,32 миллион доллар каралган, каржылоодо Кыргыз мамлекетинин үлүшү 2,44 миллион доллар. Долбоордун жалпы суммасы 23,76 миллионго бааланган. 2015-жылдын ноябрь айында Транспорт министрлиги менен ливандык "Спектрум Инжиниринг Консалтантс С.А.Р.Л." компаниясынын ортосунда консультативдик кызматтар боюнча келишим түзүлгөн. 2017-жылдын 11-июлунда аткаруучу компанияга аванс катары акча которулган.
Транспорт министрлиги берген маалымат боюнча, 2018-жылы 10 чакырым узундуктагы жолго асфальт төшөлүп, 70 суу өткөрүүчү түтүк, 3 көпүрө курулмак. Жол толугу менен 2019-жылы 14-августта бүтөрү айтылган. Ал эми жолдун бүгүнкү күндөгү абалы көңүл жубатарлык эмес.
Кадамжайдагы жолдун курулушу кечеңдеп жатканы ыңгайсыздыктарды жаратууда

Эмнесин айтайын...?