super.kg logo

"Биздин тандоо - жолдогу коопсуздук!" "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмеси жарандарга кайрылат

 

"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмеси тургундарды жол эрежелерин сактоого жана жолдо жүргөндө кылдат болууга чакырат. Бирикменин билдирүүсүнө ылайык, Кыргыз өлкөсүндөгү бардык жарандарга бул чакырыкты жеткирүү максатында 2 видеоролик даярдалган.

Жарандарды жол коопсуздугун сактоого үндөгөн ролик "Биздин тандоо - жолдогу коопсуздук!" деген аталышта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен тартылган.

"Жол кырсыктары - учурдун эң кайгылуу жана курч көйгөйү болгондуктан бул чакырык калктын калың катмарына жетип, таасир берсе деген тилектебиз. Биздин өнөктөштөр - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Медиа-лаб жана ага тартылган актёрлор коомдук көйгөйдү токтотууга арналган роликке өз салымдарын кошту", - дешти бирикмеден.






Биздин тандоо - балдардын коопсуз келечеги

Биздин тандоо - жол коопсуздугу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: