super.kg logo
  Саясат  

Мухтар Аблязов Кыргызстандын паспортун албаганын билдирди

 
Казакстандык олигарх Мухтар Аблязов Кыргызстандын паспортун албаганын интернеттеги баракчасына жазып чыкты. “Менде Кыргызстандын жаранын тастыктоочу кыргыз паспортум жок жана болгон дагы эмес”,- деп жазат ал. Ошондой эле ал бул күнөөлөө казакстандык бийлик тарабынан уюштурулган “кара пиар” экендигин билдирген. "Бул окуя Назарбаевдин режиминен элди алаксытуу үчүн ойлонуп чыгарылган. Себеби "жасалма паспорт берген" деп менин жубайым Алма Аблязованы күнөөлөшүп, бирок эч кандай далилдерди таппай коюшкан",- деп жазган Аблязов. Эске сала кетсек, Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри, олигарх, качкын Мухтар Аблязовго мыйзамсыз түрдө Осмонов Нурдин Бекиевич наамындагы паспорт берилгендиги тууралуу маалымат тараган эле.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: